Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-берене. Жер ээлеринин компетенциясы жана милдеттери
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык жер ээлеринин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) кыртышты коргоо боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
2) тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгын жана мал чарбачылыгын эске алуу менен кыртышты коргоо чөйрөсүндө илимдин жана илимий изилдөөлөрдүн прогрессивдүү иштеп чыгууларын колдонуу;
3) кыртышты сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн жогорулатуу, кыртыш ресурстарын коргоо боюнча райондун жана айылдык округдун программаларын ишке ашырууга катышуу;
4) жердин күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктардын алкактарында кыртышты коргоо чөйрөсүндө башка маселелерди чечүү.
2. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык жер ээсинин кыртышты коргоо жаатындагы негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) тоо дыйканчылыгындагы негизги талап катары кыртышты коргоочу технологияларды жана техниканы колдонуу;
2) кыртышты коргоо максатында илим жана илимий иштеп чыгууларды колдонуу;
3) айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө которуштуруп айдоону, жер семирткичтерди, механизация жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын колдонуу;
4) кыртышты шамал эрозиясынан коргоо боюнча чараларды жана суу эрозиясынан коргоо боюнча технологияларды пайдалануу;
5) кыртышты изилдөөнү жүргүзүү жана кыртышты изилдөө жөнүндө маалыматтарды берүү;
6) кыртыштын күрдүүлүгүн төмөндөтүү үчүн жоопкерчилик тартуу.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203765/st-8" title="8-берене - Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>