# 7-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203765)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 165 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765#diff=724792..724793>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4696/edition/724792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203765/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө, 7-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-7

---

Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) улуттук бирдиктүү кыртыш саясатын ишке ашыруу;

2) кыртышты коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү стратегиясын, максаттуу программаларын ишке ашыруу;

3) тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгын жана мал чарбачылыгын эске алуу менен кыртышты коргоо чөйрөсүндө илимдин жана илимий изилдөөлөрдүн прогрессивдүү иштеп чыгууларын колдонуу;

4) кыртыштын ченемдерине, сапаттын, күрдүүлүктүн регламенттерине мониторинг жүргүзүү;

5) кыртышты сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн жогорулатуу, кыртыш ресурстарын коргоо боюнча райондун, айылдык округдун деңгээлинде программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

6) жарандарга кыртыштын абалы жана кыртышты коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымдоо;

7) Мамлекеттик жер фондунун жерлеринин күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;

8) кыртышка келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүү.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-8)
