# 6-берене. Ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203765)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 165 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4696/edition/724792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203765/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө, 6-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-6

---

Ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) улуттук бирдиктүү кыртыш саясатын ишке ашыруу;

2) кыртышты коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү стратегиясын, максаттуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

3) тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгын жана мал чарбачылыгын эске алуу менен, кыртышты коргоо чөйрөсүндө илимди жана илимий изилдөөлөрдү пайдалануу;

4) кыртыштын күрдүүлүгүн коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;

5) кыртышты сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн жогорулатуу, кыртыш ресурстарын коргоо боюнча республикалык жана райондук программаларды, ошондой эле айылдык округдун программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырылышын көзөмөлдөө;

6) жер кадастрын жүргүзүү, кыртыштын күрдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруунун тартибин иштеп чыгуу;

7) кыртышты пайдалануу жана коргоого көзөмөлдөөнү уюштуруу;

8) жарандарга кыртыштын абалы жана кыртышты коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымдоо;

9) кыртыштын кери кеткенде же күрдүүлүгү төмөндөгөндө жер участогун алып коюу (сатып алуу) тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү;

10) гендик инженериянын продуктулары менен кыртыш булганган учурлар табылганда иш-аракеттердин тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-7)
