# 5-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203765)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 165 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4696/edition/724792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203765/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө, 5-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-5

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) улуттук бирдиктүү кыртыш саясатын жүргүзүү;

2) кыртышты коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органды аныктоо:

3) улуттук кыртыш саясатын ишке ашыруу максатында эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү;

4) кыртышты коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясын жана программаларын ишке ашыруу;

5) тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгын жана мал чарбачылыгын эске алуу менен, кыртышты коргоо чөйрөсүндө илимди жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү;

6) кыртышты коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;

7) кыртышты сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн жогорулатуу, кыртыш ресурстарын коргоо боюнча республикалык жана райондук программаларды, ошондой эле айылдык округдун программаларын бекитүү жана ишке ашырылышын көзөмөлдөө;

8) жер кадастрын жүргүзүү, кыртыштын күрлүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруунун тартибин бекитүү;

9) кыртыштын кери кеткенде же күрдүүлүгү төмөндөгөндө жер участогун алып коюу (сатып алуу) тартибин бекитүү;

10) кыртышты коргоо чөйрөсүндө ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечүү.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-6)
