# 3-берене. Улуттук кыртыш саясатынын негизги багыттары

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203765)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 165 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4696/edition/724792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203765/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө, 3-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-3

---

1. Тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгынын шарттарында кыртыштын күрдүүлүгүн туруктуу пайдалануу.

2. Тобокелчиликтүү дыйканчылык шарттарында күрдүүлүктү турукташтыруу жана жогорулатуу, кыртыштын түзүмүн жана сапатын жакшыртуу максаттарында жерди туруктуу башкаруу.

3. Тобокелчиликтүү чарба жүргүзүүнү эске алуу менен, кыртыштын күрдүүлүк абалына жана анын табигый түзүмүнө мониторинг жүргүзүү.

4. Кыртышка терс таасир этүүлөрдүн алдын алуу жана коргоо жана аларды болтурбоо.

5. Кыргыз Республикасы кыртыштын күрдүүлүгүн сактоого тобокелчиликтүү тоолуу өлкө болуп санааларын эске алуу менен, жаратылыш ресурсу жана жаратылыш компоненти катары кыртышты сактоонун артыкчылыгы.

6. Кыртыштын күрдүүлүгүн сарамжалдуу чарбачыл пайдалануу.

7. Тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгын эске алуу менен, кыртышты сактоочу технологияларды, техниканы, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана түрлөрүн, жаныбарлардын тукумун иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү.

8. Комплекстүү иш-чаралардын тутумун жана аны ишке ашыруу үчүн жетиштүү экономикалык түрткү берүүнү караган кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу, аны кери кетүүдөн коргоо боюнча чаралар негизги компонент болуп саналган Кыргыз Республикасынын өнүгүү программасын жана стратегиясын ишке ашыруу.

9. Кыртышты коргоо боюнча илимди жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү.

10. Кыртыштын мониторингин жүргүзүү жана коргоо боюнча аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарбачыл субъекттердин ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин белгилөө.

11. Тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын кыртыш саясаты боюнча кабыл алган ченемдик укуктук актыларына, эл аралык келишимдерине жана макулдашууларына экспертиза жүргүзүү.

12. Менчигинин түрүнө карабастан, чарбачыл субъекттер менен кыртыштын абалын жакшыртуу боюнча иш-чараларды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-4)
