# 22-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203765)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 165 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4696/edition/724792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203765/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө, 22-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-22

---

1. Кыртышты коргоо боюнча мыйзамдарды бузууда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жана башка жоопкерчилик тартышат.

2. Жеке же юридикалык жактардын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжасында кыртышка келтирилген зыян, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, толук көлөмдө орду толтурулууга жатат.

3. Иштери кыртыштын сапатынын начарлашына алып келген адамдар эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, кыртыштын сапатынын белгиленген ченемдеринин тиешелүү абалына чейин, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зыян келтирүү фактысына чейинки мурдагы абалына чейин калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

4. Кыртышты коргоо жаатындагы укук бузууларды жасоого күнөөлүү адамды жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартуу, аны Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте зыяндын ордун толтуруу милдетинен бошотпойт.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-23)
