# 21-берене. Кыртышты коргоо, сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн сактоо боюнча иш-чараларды каржылоо

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203765)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 165 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4696/edition/724792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203765/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө, 21-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-21

---

1. Кыртышты коргоо, сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн сактоо боюнча иш-чараларды каржылоо чарбакер субъекттердин, жер участогунун менчик ээлеринин, жерди пайдалануучулардын эсебинен ишке ашырылат, ошондой эле эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, максаттуу программалардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка чечимдеринин алкагында ишке ашырылышы мүмкүн.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программаларынын жана башка чечимдеринин каражаттарынын же мамлекеттик экологиялык жана башка фонддордун каражаттарынын эсебинен кыртышты калыбына келтирүү, реабилитациялоо жана кайра жумшартуу боюнча иш-чараларды, кыртышка тийгизген зыяндуу таасир этүүлөрдү жана алардын кесепеттерин четтетүүгө байланышкан иш-чараларды, ошондой эле ага күнөөлүү юридикалык жана жеке жактарды белгилөө мүмкүн болбогондо, кыртыштын кайтарымсыз жок болушун болтурбоочу иш-чараларды, ошондой эле табигый кырсыктардын учурларындагы иш-чараларды аткарууга чыгымдар каралат.

3. Көрсөтүлгөн иш-чараларды каржылоого бюджеттен тышкаркы фонддордун, ошондой эле жер участокторунун ээлеринин жана ижарачылардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттары багытталышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-22)
