21-берене. Кыртышты коргоо, сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн сактоо боюнча иш-чараларды каржылоо
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы
1. Кыртышты коргоо, сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн сактоо боюнча иш-чараларды каржылоо чарбакер субъекттердин, жер участогунун менчик ээлеринин, жерди пайдалануучулардын эсебинен ишке ашырылат, ошондой эле эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, максаттуу программалардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка чечимдеринин алкагында ишке ашырылышы мүмкүн.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программаларынын жана башка чечимдеринин каражаттарынын же мамлекеттик экологиялык жана башка фонддордун каражаттарынын эсебинен кыртышты калыбына келтирүү, реабилитациялоо жана кайра жумшартуу боюнча иш-чараларды, кыртышка тийгизген зыяндуу таасир этүүлөрдү жана алардын кесепеттерин четтетүүгө байланышкан иш-чараларды, ошондой эле ага күнөөлүү юридикалык жана жеке жактарды белгилөө мүмкүн болбогондо, кыртыштын кайтарымсыз жок болушун болтурбоочу иш-чараларды, ошондой эле табигый кырсыктардын учурларындагы иш-чараларды аткарууга чыгымдар каралат.
3. Көрсөтүлгөн иш-чараларды каржылоого бюджеттен тышкаркы фонддордун, ошондой эле жер участокторунун ээлеринин жана ижарачылардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттары багытталышы мүмкүн.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203765/st-21" title="21-берене - Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>