# 2-берене. Кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203765)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 165 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4696/edition/724792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203765/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө, 2-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-2

---

Тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгынын жана мал чарбачылыгынын шарттарында кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгынын шарттарында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү компоненти катары кыртышты сарамжалдуу пайдалануунун жана сактоонун артыкчылыктуулугу;

2) тоолуу өлкө үчүн мүнөздүү экономикалык жана чарбалык кызыкчылыктардан кыртышты коргоо кызыкчылыктарынын артыкчылыгы;

3) кыртыштын күрдүүлүгүн арттыруу жана кери кеткен кыртышты калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын артыкчылыктуулугу;

4) чарбалык жана башка иштерди жүзөгө ашырууда кыртыштын абалына таасир этүүнүн илимий негиздүүлүгү;

5) кыртыштын абалы жана кыртышты коргоо милдеттерин чечүү жөнүндө маалыматтын айкындуулугу, толуктугу жана ишенимдүүлүгү;

6) кыртышты коргоо жаатында чечимдерди кабыл алууда адистердин катышуусу;

7) кыртышка келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликтин болбой койбосу.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-3)
