# 16-берене. Өндүрүштүк иштерде, чарбалык объекттерди эксплуатациялоодо жана иштин башка түрлөрүндө кыртышты коргоого карата талаптар

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203765)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 165 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4696/edition/724792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203765/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө, 16-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-16

---

1. Кыртышка терс таасир этүүчү өндүрүштүк иштер, чарбалык объекттерди эксплуатациялоо жана иштин башка түрү кыртышты коргоо жаатындагы талаптарга жана ченемдерге, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлүшү керек.

2. Кыртыштын булганышын болтурбоо максатында жеке адамдар жана юридикалык жактар кыртышка терс таасир этүүчү өндүрүштүк иштерде, объекттерди эксплуатациялоодо жана иштин башка түрүндө булгоочу заттардын ыргытындыларын жана чыгындыларын тазалоочу натыйжалуу каражаттардын технологиясын пайдаланууга, өз объекттерин атайын тазалоочу жабдуулар менен камсыз кылууга милдеттүү.

3. Жеке адамдар жана юридикалык жактар кыртышка терс таасир этүүчү объекттерди эксплуатациялоодо жана иштин башка түрү менен алектенүүдө кыртыштын абалына өндүрүштүк мониторинг жүргүзүүгө милдеттүү.

4. Объекттерди эксплуатациялоонун жана иштин башка түрүнүн натыйжасында жер участокторундагы кыртышты булгаган, ал калктын саламаттыгына, курчап турган чөйрөгө коркунуч келтирген учурларда, жеке жана юридикалык жактар кыртыштын булганган катмарын кырып алып таштоо жана көмүү боюнча иштерди жүргүзүүгө жана булганган жерлерди белгиленген тартипте кайра жумшартууну жүргүзүүгө милдеттүү.

5. Кыртышты калыбына келтирүү боюнча чараларды көрбөө жер участогун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде алып коюу үчүн бирден бир факторлордон болуп саналат. Жер участогуна укуктарды токтотуу күнөөлүү адамдарды кыртышка келтирген зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-17)
