# 15-берене. Кыртышты изилдөөлөр

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203765)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 165 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4696/edition/724792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203765/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө, 15-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-15

---

1. Кыртышты изилдөөлөр кыртыштын абалын жана сапатын аныктоо, кыртышты сактоо, калыбына келтирүү жана сапатын жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында жүргүзүлөт.

2. Кыртышты изилдөөлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, аткаруу бийлигинин программаларынын же чечиминин негизинде же жерди пайдалануучулардын демилгеси боюнча жүргүзүлөт.

3. Кыртыштык изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт жана жер участогундагы кыртыштын түрлөрүнүн жана түрчөлөрүнүн жайгашуусун, кыртыштын санитардык жана экологиялык абалын жана кыртыштын башка өзгөчөлүктөрүн аныктайт.

4. Кыртышты изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар кыртыш карталарын, кыртыштын абалы жөнүндө отчетторду жана башка расмий документтерди камтыйт.

5. Кыртыш карталары мамлекеттик жер кадастрынын, мамлекеттик экологиялык мониторингдин, кыртыштык изилдөөлөрдүн маалыматтарынын жана кыртыш жөнүндө башка маалыматтардын негизинде түзүлөт.

6. Кыртыштын абалы жана кыртышты изилдөө боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө маалыматтар аткаруучу тарабынан берилет.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-16)
