# 14-берене. Кыртышты коргоо боюнча программалар

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203765)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 165 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4696/edition/724792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203765/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө, 14-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-14

---

1. Кыртыштын ар түрдүүлүгүн сактоо, алып айтканда, алардын булганышын жана кери кетүүсүн болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган булактардан каржылануучу комплекстүү, максаттуу жана региондук жана жергиликтүү программалар кабыл алынышы мүмкүн.

2. Комплекстүү программаларда кыртышты коргоо боюнча чаралар менен катар, жаңы айдоо аянттарын жана маданий жайыттарды өздөштүрүү боюнча башка иш-чаралар да каралат.

3. Мамлекеттик максаттуу жана региондук программаларда кыртышты суу жана шамал эрозиясынан коргоого, кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатууга багытталган, кери кеткен кыртышты калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар жана кыртышты коргоо боюнча башка чаралар да каралат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-15)
