# 13-берене. Кыртыштын абалынын мониторинги

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203765)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 165 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4696/edition/724792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203765/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө, 13-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-13

---

1. Кыртыштын абалына жана мүнөздөмөсүнүн өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир региондо аныкталуучу жергиликтүү агрохимиялык уюмдар жана лабораториялар, илимий жана окуу мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.

2. Кыртыштын абалына жана мүнөздөмөсүнүн өзгөрүшүнө коомдук мониторинг агрохимиялык уюмдарды жана лабораторияларды, илимий жана окуу мекемелерин тартуу менен жүргүзүлөт.

3. Ыйгарым укуктуу органдын маалыматтарынын негизинде кыртышка зыяндуу таасирин тийгизүүчү объекттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эсепке алынууга жатат.

4. Мониторингдин маалыматтары жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат, үлгүлөр жана сынамдар ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн ыйгарым укуктуу органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-14)
