# 12-берене. Кыртыш ченемдери жана баалоо

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203765)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 165 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4696/edition/724792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203765/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө, 12-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-12

---

1. Кыртышты бонитировкалоо (кыртышты анын сапаты боюнча баалоо) анда чириндинин болушун, кери кетүүнүн жана зыяндуу заттар менен булгануу деңгээлин, ошондой эле өлкөнүн жаратылыштык-климаттык чөлкөмдөрү боюнча жыйындысында кыртыштын күрдүүлүгүнө жана өндүрүлгөн азыктардын сапатына таасир тийгизүүчү кыртыштын курамынын, түзүмүнүн жана касиетинин көрсөткүчтөрүнүн топтомун эске алуу менен, баллдык шкала боюнча кыртыштын баалуулугун белгилөө максатында жүргүзүлөт.

2. Кыртыштын бонитетин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

3. Кыртыштын мүнөздөмөсү Мамлекеттик жер кадастрынын курамдык бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.

4. Кыртыштын абалын баалоо ченемдери жана аларды аныктоо усулдары курчап турган чөйрөнү коргоо, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө, айыл чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан иштелип чыгат жана ченемдерди иштеп чыгууга жоопкер тиешелүү илим-изилдөө мекемелери, ишканалар, уюмдар, мекемелер тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

5. Кыртышка жол берилген зыяндуу таасир этүүлөрдүн чектүү ченемдери Кыргыз Республикасынын айыл чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

6. Калктын саламаттыгына, курчап турган чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына кери кеткен, булганган жана бузулган кыртыштын зыяндуу таасиринин жол берилген чектүү ченемдери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-13)
