# 11-берене. Кыртышты коргоонун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203765)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 165 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765#diff=724792..724793>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4696/edition/724792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203765/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө, 11-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-11

---

1. Кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик саясат ыйгарым укуктуу органдар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Айыл чарба жерлерин мелиорациялоо артыкчылыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жылына белгилүү көлөмдө иш жүргүзүүнү, ошондой эле жаны сугат аянттарын өздөштүрүүнү пландоо менен камсыз кылынат.

3. Зарыл болгон учурда кыртышты коргоо жана калыбына келтирүү боюнча ири иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржы булактарын тартуу менен, ыйгарым укуктуу органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилген каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

4. Кыртыштын күрдүү массасын, чөгүндүнү, чымды чет өлкөгө алып чыгууга жол берилбейт.

5. Кыртыштын үлгүлөрүн жана чулу кыртыштарды сыноого импорттоону жана экспорттоону же изилдөө жана талдоо үчүн кыртышты сыноону кошпогондо, кыртышты коммерциялык жана өндүрүштүк керектөөлөр үчүн алып чыгууга тыюу салынат.

6. Жерлерди, жайыттарды курулуш үчүн бөлүүдө же убактылуу пайдаланууга берүүдө же чек араларын тактоодо кыртыштын үстүнкү бетин жана өсүмдүктөрүн максималдуу сактоо, ошондой эле кыртышты коргоо боюнча талаптарды аткаруу менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

7. Кыртыштын абалына жана күрдүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүчү агрохимиялык коргоо каражаттарын, мунай заттарын, өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик калдыктарын, ошондой эле булганган заттардын ыргытындылары жана чыгындылары менен кыртышты булгоого жол берилбейт.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-12)
