# 10-берене. Кыртышты коргоо жаатындагы коомдук көзөмөл

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203765)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 165 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4696/edition/724792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203765/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө, 10-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-10

---

1. Кыртышты коргоо жаатындагы коомдук көзөмөлдүн өзгөчө маселелерине төмөнкүлөр кирет:

1) калкка кыртышты коргоочу жаңы технологиялар жана техникалар жөнүндө маалымдоо;

2) кыртышты сактоочу прогрессивдүү технологиялар боюнча, сорттор, жаныбарлардын тукуму жана техникалар боюнча окутуп-үйрөтүүчү семинарларды өткөрүү жана тажрыйба алмашуу;

3) жер ээсинин ыктыярдуу уруксатынын негизинде кыртышты коргоо боюнча чаралардын абалы, кыртыштын түзүмү жана кыртыштын сапаты, кыртыштын күрдүүлүгүнүн төмөндөшү жөнүндө маалыматтарды маалымдоо жана жарыялоо;

4) мониторинг, кыртышты изилдөө жүргүзүү, чет элдик жарандардын менчигинде же пайдалануусунда турган же алардын катышуусу менен пайдалануудагы жерлердин кыртышын коргоо тууралуу маселени жер ээсинин макулдугусуз калкка өз убагында маалымдоо;

5) калкка кыртышты коргоо технологиясын жана которуштуруп айдоону колдонбогон жер ээлери жөнүндө маалымдоо.

2. Кыртышты коргоо жаатындагы коомдук көзөмөл ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-11)
