# 8-берене. Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу ишине илимий мекемелердин, окуу жайларынын жана музейлердин, архив мекемелерин коомдук уюмдардын жана бирикмелердин, ишканалардын жана жарандардын катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203763)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 163 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4694/edition/838556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203763/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө, 8-берене (03.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-8

---

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, илимий мекемелер, окуу жайлары жана музейлер:

1) маданий мурасты иликтөө, изилдөө жаатында өзүнүн эсебинен, тартылган каражаттардын эсебинен илимий иштерди жүргүзөт;

2) материалдык эмес маданий мурастын элементтеринин илимий баалуулугун белгилөө боюнча эксперт катары иш жүргүзүшөт;

3) өздөрүнүн илимий изилдөө пландарында жана окуу программаларында материалдык эмес маданий мурасты коргоо жана пайдалануу маселелерин иликтөөнү жана окутууну карашат.

2. Коомдук уюмдар жана бирикмелер, архив мекемелерин ар түрдүү менчиктеги ишканалар жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле өздөрүнүн уставдарына жана жоболоруна ылайык:

1) мамлекеттик органдарга жана илимий мекемелерге, жергиликтүү бийлик органдарына материалдык эмес маданий мурасты иликтөө, коргоо жана пайдалануу боюнча көмөктөшөт;

2) тарыхый жана маданий объектилердин сакталып турушу жана пайдаланылышы үчүн коомдук контролду жана көзөмөлгө алууну уюштурат;

3) калк арасында түшүндүрүү жана пропагандалоо иштерин жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-9)
