# 4-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203763)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 163 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4694/edition/838556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203763/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө, 4-берене (03.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-4

---

1. Улуттук маданий мурастын бир бөлүгү катары Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын жок болушун болтурбоо, жергиликтүү жана улуттук деңгээлдерде мурастын баалуулугун таанууну камсыз кылуу үчүн элдердин, жамааттардын, топтордун жана айрым адамдардын материалдык эмес маданий мурастын урматтоого тарбиялоо ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.

2. Төмөндөгүлөр ушул Мыйзамдын милдеттери болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын элдеринин маданиятынын өз алдынчалыгын аныктоочу салттуу элдик маданияттын көп кырдуу түрлөрүн жана формаларын коргоо жана калыбына келтирүү;

2) материалдык эмес мурастын элементтерине калктын бардык категорияларынын бирдей жетүүсүн камсыз кылуу;

3) материалдык эмес маданий мурастын мыкты үлгүлөрүн өнүктүрүү жана даңазалоо, салттуу элдик маданияттын жетишкендигин жайылтуу;

4) элдик маданияттын материалдык жана руханий салттарынын "Чеберлерин - алып жүрүүчүлөрүн" колдоо;

5) инфратүзүмдөрдү, иштердин жаны формаларын өнүктүрүү, материалдык эмес маданий мурастарды сактоонун жана өнүктүрүүнүн уюштуруучулук, укуктук жана каржылык механизмдерин модернизациялоо;

6) материалдык эмес маданият чөйрөсүндө кадрларды даярдоо жана квалификациясын көтөрүү;

7) материалдык эмес маданий мурастын элементтерин сактоого карата мамилелерде укуктук коргоону камсыз кылуу;

8) жергиликтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлде материалдык эмес маданий мурасынын маанисине көңүл бурдуруу жана материалдык эмес маданий мурастардын элементтерин өз ара таануу.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-5)
