# 3-берене. Материалдык эмес маданий мурастын мүнөздөмөсү жана түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203763)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 163 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 ноября 2017 года № 188 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нематериальном культурном наследии Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111695)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203763#diff=838556..838557>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4694/edition/838556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203763/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө, 3-берене (03.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-3

---

1. Төмөндөгүлөр материалдык эмес маданий мурастардын негизги мүнөздөмөсү болуп саналат:

1) эл чыгармачылыгынын анонимдүү мүнөзү, аны сактоо жана даңазалоо салттуу моделдердин негизинде жамаат тарабынан дайыма жүзөгө ашырылат.

2) элдик салттарга ылайык, негизинен оозеки түрүндө, бейформал берүү;

3) төмөндөгү критерийлер боюнча бөлүштүрүү: аймактык, этностук, диний, курактык, жыныстык жана социо-кесипкөйлүк;

4) элементтердин маанисин түшүнүү жана алардын түзүлгөн топтор жана/же жамааттар менен бекем байланышы, сакталат жана өткөрүлүп берилет;

5) салттуу формаларды, моделдерди, мазмундарды жана ыктарды колдонуу менен топтордо жана/же жамааттарда материалдык эмес маданий мурастардын элементтерин жүзөгө ашыруу, аткаруу, актуалдаштыруу жана/же түзүү.

2. Материалдык эмес маданий мурас төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) оозеки салттары жана туюнтуунун формалары;

2) Кыргызстан элдеринин тилдери;

3) Кыргызстан элдеринин аткаруучулук өнөрлөрү;

4) Кыргызстан элдеринин үрп-адаттары, ырым-жырымдары, майрамдары (аспаптар, буюмзаттар, артефактар жана маданий мейкиндиктер);

5) жаратылышка жана ааламга таандык болгон билимдер жана үрп-адаттар;

6) салттуу өнөргө байланышкан билимдер жана көндүмдөр;

7) жаратылыш мейкиндиги жана сыйынуу жерлери (мазарлар).

8) салттуу оюндар, спорттун улуттук түрлөрү.

3. Кыргыз Республикасында спорттун улуттук түрлөрүнүн болушунун жана аларды өнүктүрүүнүн укуктук негиздери "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

(КР 2017-жылдын 3-ноябрындагы N 188 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-4)
