# 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203763)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 163 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 ноября 2017 года № 188 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О нематериальном культурном наследии Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111695)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203763#diff=838556..838557>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4694/edition/838556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203763/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө, 2-берене (03.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-2

---

Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат: "Кыргыз Республикасынын элдеринин материалдык эмес маданий мурасы (мындан ары текст боюнча - материалдык эмес маданий мурасы) - элдер, жамааттар, топтор жана кээ бир учурларда айрым адамдар тарабынан алардын материалдык эмес маданий мурасынын бөлүгү катары таанылган үрп адаттар, салттуу оюндар, спорттун улуттук түрлөрү көрсөтүү менен туюнтуунун формалары, билим менен көндүмдөр, ошондой эле аларга байланыштуу аспаптар, буюмдар, артекфакттар жана маданий айдыңдар"; материалдык эмес маданий мурастын элементтери - ушул Мыйзамда аныкталган жана маданий мурастын материалдык эмес элементтеринин статусун алган баалуулуктар; материалдык эмес маданий мурастын элементтерине менчик укугунун субъекттери - Кыргыз Республикасы менчигинин формасына карабастан юридикалык жана жеке жактар. материалдык эмес маданий мурасты коргоо - материалдык эмес маданий мурастын жашоого жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында аларды идентификациялоону, документтештирүүнү, изилдөөнү, сактоону, коргоону, даңазалоону, формалдуу жана бейформал билим аркылуу берүүнү, алардын ролун жогорулатууну, ошондой эле мындай мурастын ар түрдүү аспектилерин кайра жандандырууну камтыган чараларды көрүү"; материалдык эмес маданий мурас жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген, материалдык эмес маданий мурасты коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыра турган мамлекеттик орган"; Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмеги (мындан ары - Улуттук тизмеги) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, материалдык эмес маданий мурастардын элементтеринин банк маалыматтарын өзүнө камтыган, Кыргыз Республикасынын аймагында материалдык эмес маданий мурастардын элементтерин мамлекеттик инвентаризациялоонун негизги куралы; материалдык эмес маданий мурастын жазууларынын архиви - коомдук мекемелерде сакталган кагаз, электрондук негизде, магниттик/телекөрсөтүү ленталарында же башка материалдардын жардамы менен аткарылган материалдык эмес маданий мурастар жаатындагы жазуулардын жыйындысы; материалдык эмес маданий мурасын элементтеринин классификациясы - элементтердин категорияларын аныктоонун жана аларды Улуттук тизмекке киргизүүнүн жол-жоболору; материалдык эмес маданий мурастын досьеси - материалдык эмес маданий мурастын ар бир элементин Улуттук тизмеге, ошондой эле адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын Репрезентативдүү тизмесине же материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча Эл аралык конвенцияга ылайык шашылыш коргоого муктаж болгон материалдык эмес маданий мурастын Тизмесине киргизүү үчүн аны милдеттүү түрдө документтештирүү; элдик маданияттын материалдык жана руханий салттарынын "Чеберин-алып жүрүүчүсү" - коом тарабынан маданиятты жана салттуу билимди алып жүрүүчүлөр катары таанылган, материалдык эмес маданий мурастын элементтерин өзгөрүлбөгөн салттуу формалар жана каражаттар менен жараткан, сактап жана өткөрүп келишкен инсандарга ыйгарылуучу ардактуу титул; ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасты сактоо боюнча Өкмөттөр аралык комитети - материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКО Конвенциясынын Башкы Ассамблеясы тарабынан шайлануучу катышуучу - өлкөлөрдүн 24 мүчөсүнөн турган материалдык эмес мурасты коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитети; адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын Репрезентативдик тизмеси - материалдык эмес маданий мурастын көбүрөөк көрсөтмөлүү болушун камсыз кылуу, алардын маанисин терең түшүнүүгө багытталган жана маданий ар түрдүүлүктү урматтоонун негизинде диалогду кубаттоо үчүн түзүлүүчү тизме. Материалдык эмес маданий мурасын коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык Комитети тийиштүү катышуучу мамлекеттердин сунуштарына ылайык адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын Репрезентативдик тизмесин түзөт, жаңыртып турат жана жарыялайт; шашылыш коргоого муктаж болгон материалдык эмес маданий мурастардын Тизмеси - материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитети шашылыш коргоого муктаж материалдык эмес маданий мурастын тизмегин түзөт, жаңылай жана тийиштүү мамлекеттердин - катышуучулардын өтүнүчү боюнча ошондой мурас ушул тизмеге киргизет; эпос - адабияттын түрү, өткөндөгү окуяларды божомолдогон баяндама (ишке ашкан жана айтуучу баяндагандар). Эпос мейкиндик-мезгил аралыгында жыш окуяларды кайра чагылдырган сюжеттерден жана жанрлардан турат. Эпикалык жанрлар: көлөмдүүлөрү - эпопея, роман, эпикалык поэма (поэма-эпопея); орточолору - повесть; кенжелери-аңгеме, новелла, очерк; айтуучулук өнөрү - айтуучулук өнөрүн - алып жүрүүчү манасчылар; оозеки салттар - манасчылардын айтуучулук өнөрү жана акындардын айтыш өнөрү аркылуу жеткирилген эпикалык чыгармалар, фольклор (макал-лакаптар, санаттар, жомоктор, табышмактар, мифтер жана уламыштар) түрүндөгү оозеки эл чыгармачылыгы; маданият мейкиндиги - элдин материалдык жана материалдык эмес маданий мурасынын кыйла сакталып калган байланыштарынын кайталангыс зонасы болуп калган аймак, социалдык-географиялык чөйрө; көрсөтүү формалары - маданий баалуулуктардын базасы катары эл чыгармачылыгынын (кийизден, чийден, жыгачтан, булгаарыдан ж.б. жасалган буюмдар) үлгүлөрү; чагылдыруу формалары - кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурасынын элементтерин мүнөздөгөн, баарыдан мурда тили, элдик ырлары, обондору (күүлөрү); үрп-адаттар - өзүнүн мазмуну боюнча бай этномаданий комплекс, мейкиндик-мезгилдик негизде өткөрүп берүү менен сакталган жана кайра жаралган адамдардын жамааттык тажрыйбасынын формасы. Үрп-адаттар тийиштүү деңгээлде, адамзат турмушунун негизги учурларына; төрөлгөндөн сөөк коюу-эскерүү циклине чейин байланышкандыктан үстөмдүк кылуучу мааниге ээ; ырым-жырымдар - ритуалдык касиеттерге ээ болгон, адамдардын диний жана турмуштук көз караштарын жол-жоболоштурган руханий жана жашоо турмушунун бир бөлүгү; салттуу оюндар - кыргыз элинин маданий, социалдык жана рухий баалуулуктарын эске алган улуттук салттардын негизинде тарых тарабынан калыптанган мелдешүүчүлүк иш-аракет формасындагы оюндар; спорттун улуттук түрү - адамды шайкеш өнүктүрүү, анын ден соолугун чыңдоо жана анын денебой жактан жигердүүлүгүн өркүндөтүү максатында коом тарабынан пайдаланылуучу, тарыхый жактан калыптанган жана кыргыз элинин маданиятынын курамдык бөлүгү катары түзүлгөн спорттун түрү. (КР 2017-жылдын 3-ноябрындагы N 188 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-3)
