# 11-берене. Материалдык эмес маданий мурасты коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн каралган жоопкерчиликтин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203763)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 163 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4694/edition/838556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203763/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө, 11-берене (03.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-11

---

1. Материалдык эмес маданий мурастын элементтерин коргоонун, пайдалануунун, эсепке алуунун жана кайра жандандыруунун эрежелерин аткарбаган, аларды коргоонун режимин, ошондой эле материалдык эмес маданий мурасты коргоо жана пайдалануу тууралуу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын бузган мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

2. Материалдык эмес маданий мурастын элементтерине зыян келтиришкен юридикалык жана жеке жактар элементти калыбына келтирүүгө, ал эми ага мүмкүн болбогон учурда келтирилген чыгымдардын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурууга милдеттүү.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чыгымдардын ордун толтурууга байланышкан, ошолордун күнөөсү боюнча ишканалар, уюмдар, мекемелер чыгаша тартышкан учурда кызмат адамдары жана башка кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте материалдык жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-12)
