Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Материалдык эмес маданий мурасты коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн каралган жоопкерчиликтин түрлөрү
Күчүндө · 03.11.2017 редакциясы
1. Материалдык эмес маданий мурастын элементтерин коргоонун, пайдалануунун, эсепке алуунун жана кайра жандандыруунун эрежелерин аткарбаган, аларды коргоонун режимин, ошондой эле материалдык эмес маданий мурасты коргоо жана пайдалануу тууралуу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын бузган мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
2. Материалдык эмес маданий мурастын элементтерине зыян келтиришкен юридикалык жана жеке жактар элементти калыбына келтирүүгө, ал эми ага мүмкүн болбогон учурда келтирилген чыгымдардын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурууга милдеттүү.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чыгымдардын ордун толтурууга байланышкан, ошолордун күнөөсү боюнча ишканалар, уюмдар, мекемелер чыгаша тартышкан учурда кызмат адамдары жана башка кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте материалдык жоопкерчилик тартышат.
Берененин тексти 03.11.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203763/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>