# 10-берене. Материалдык эмес маданий мурастын элементтерин коргоону каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203763)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 163 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4694/edition/838556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203763/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө, 10-берене (03.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-10

---

1. Белгиленген тартипте укуктук статусту алган материалдык эмес маданий мурастын элементтерин коргоо мамлекеттик бюджеттин, маданий мурас элементтерин пайдаланып жатышкан уюмдардын каржылык чегерүүлөрүнүн, коомдук уюмдардын, жеке адамдардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн жана башка эл аралык уюмдардын атынан эл аралык коомдоштуктун жардамдарынын эсебинен ишке ашырылат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында же өз алдынча материалдык эмес маданий мурастын элементтерин пропагандалоо, сактоо жана пайдалануу жаатындагы программаларды колдоого көмөктөшкөн республикалык жана жергиликтүү фонддор түзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203763/st-11)
