# 1-берене

- Документ: [Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203762)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы №162 "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.08.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2018 года № 89 "О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111819)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203762/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4693/edition/893586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203762/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу, 1-берене (09.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203762/st-1

---

"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. "Төлөмдөр" деген III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 19-2-статья менен толукталсын:

"19-2-статья. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөм

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөм Кыргыз Республикасында пайдалуу кен байлыктарды издөөгө жана/же чалгындоого жана/же иштетүүгө укук алган жер казынасын пайдалануучу тарабынан төлөнөт. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдүн суммасын төлөө тартиби жана мөөнөттөрү "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдөрдөн түшкөн суммалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерине түшөт.".

2. Статьянын "19-2" нумерациясы "19-3" нумерациясына алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203762/st-2)
