Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 10 августа 2018 года № 89 "О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-08-09.
КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 9-августу № 162 "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. "Төлөмдөр" деген III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 19-2-статья менен толукталсын:
"19-2-статья. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөм
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөм Кыргыз Республикасында пайдалуу кен байлыктарды издөөгө жана/же чалгындоого жана/же иштетүүгө укук алган жер казынасын пайдалануучу тарабынан төлөнөт. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдүн суммасын төлөө тартиби жана мөөнөттөрү "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдөрдөн түшкөн суммалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерине түшөт.".
2. Статьянын "19-2" нумерациясы "19-3" нумерациясына алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралууЗакон · 10.08.2018 · № 89
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы № 793 "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 07.12.2017 · № 793 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралууЗакон · 10.08.2018 · № 89
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 160 · Күчүн жоготкон