# 23-берене. Банктын контролдоочу органдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203761)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4692/edition/1281424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203761/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө, 23-берене (05.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-23

---

1. Банкта ички контролдоо жана Банктын ишиндеги максаттарга жетүүгө терс таасирин тийгизген материалдык, инвестициялык жана финансылык тобокелдиктерди дайыма ачып көрсөтүүгө жана баалоого мүмкүндүк берген тобокелдиктерди башкаруу тутуму болушу керек. Мындай баалоолор бардык тобокелдиктерди, атап айтканда кредиттик жана инвестициялык тобокелдиктерди, валюталык тобокелдикти, топтоо тобокелдигин, жоюу тобокелдигин, операциялык тобокелдикти, юридикалык тобокелдикти, саясий жана башка тобокелдиктерди камтууга тийиш.

Банк ыйгарым укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрүүнүн тутумуна ээ болушу зарыл. Кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуу чөйрөсү аныкталууга, минималдуу болууга жана көз карандысыз байкоого алынууга тийиш. Банктын тобокелдиктерин көз карандысыз оперативдүү контролдоо үчүн Банктын директорлор кеңеши тобокелдик-менеджерин дайындайт, ал тобокелдиктерди башкаруу боюнча Банктын саясатын ишке ашыруу үчүн жооптуу болот. Тобокелдик-менеджери Банктын директорлор кеңешине отчет берет.

2. Банкта ички аудитор тарабынан жүргүзүлүүчү ички аудит ишке ашырылышы керек, анын компетенциясына ички контролдоо тутумунун адекваттуулугун жана натыйжалуулугун, ошондой эле бекитилген кызматтык нускамага ылайык Банктын аткаруучу кызмат адамдары тарабынан киргизилген милдеттерди аткаруунун сапатын, мыйзамдуулуктун сакталышын жана эсеп жүргүзүүнүн адекваттуулугун жана Банктын саясатына ылайык башка маселелерди текшерүү жана баалоо кирет.

Банктын ички аудитору Банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалат жана отчет берет. Аудит жүргүзүүнүн тартиби жана ага карата талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Банктын Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-24)
