# 2-берене. Банктын ишин укуктук жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203761)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 5 октября 2023 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Государственного банка развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112674)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203761#diff=1281429..1281430>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4692/edition/1281424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203761/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө, 2-берене (05.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-2

---

1. Банктын ишин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Банкка "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын колдонуу күчү жайылтылбайт.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Банк үчүн экономикалык ченемдерди жана талаптарды, анын ичинде отчеттуулукту түзүү жана берүү бөлүгүндө белгилейт.

4. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө Банк акционердик коомдордун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Банктын ички актыларын жетекчиликке алат.

5. Ушул Мыйзамдын ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын ченемдеринин ортосунда коллизиялар болгон учурларда ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.

(КР 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-3)
