# 19-берене. Банктын аудити

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203761)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 5 октября 2023 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Государственного банка развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112674)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.10.2023 [Закон Кыргызской Республики от 5 октября 2023 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Государственного банка развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112674); 25.07.2023 [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635); 29.11.2021 [Закон КР от 29 ноября 2021 года № 143 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112320)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203761#diff=1281429..1281430>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4692/edition/1281424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203761/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө, 19-берене (05.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-19

---

1. Банк тарабынан жүргүзүлгөн сатып алуулардын жол-жоболорунун жыйынтыктары боюнча Банктын Акционери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Банктын финансылык жылы аяктаганга чейин 6 айдан кечиктирилбеген мөөнөттө таанылган эл аралык репутацияга ээ болгон аудитордук уюмду карайт жана бекитет.

Ошол эле аудиттик уюм Банктын Акционери тарабынан эки жолудан ашык каралышы мүмкүн эмес.

2. Банктын аудити эл аралык аудит стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш жана Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде катталган аудитордук уюм тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Банк аудитордук фирма менен түзүлгөн келишимге ылайык эл аралык аудитордук практикага туура келген аудитордук текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон отчетторду жана маалыматтарды берет.

4. Банкка аудит жүргүзүү боюнча аудитордук фирманын кызматына акыны Банк өзүнүн каражатынын эсебинен төлөйт.

(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 29-ноябрындагы №143, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-20)
