# 14-берене. Банктын ишин чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203761)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 5 декабря 2022 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственном банке развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112481)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203761#diff=1281427..1281428>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4692/edition/1281424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203761/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө, 14-берене (05.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-14

---

Банкка төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) Банк тарабынан каржылоо үчүн тандалып алынган долбоорлорду ишке ашырууга катышуучу банктардан, лизинг берүүчү уюмдардан жана юридикалык жактардан бөлөк жеке жана юридикалык жактарга кредит берүүгө;

2) депозиттерди тартууга, жеке жактарга эсептерди ачууга;

3) зайымдарды аларды кайтарып алууну камсыздабай туруп берүүгө;

4) мурда алар тарабынан тартылган зайымдар боюнча милдеттенмелеринин мөөнөтү өтүп кеткен (бир жылдан ашык) учурда кошумча тышкы жана ички карыз берүүгө;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, мамлекеттик башка органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кредит берүүгө;

6) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле чарбакер субъекттерге ар кандай формада финансылык жардам берүүгө;

7) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык каржылоону кошпогондо мамлекеттик булактардан каржылоону тартууга.

(КР 2022-жылдын 5-декабрындагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-15)
