# 13-берене. Банк тарабынан каржылануучу долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203761)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4692/edition/1281424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203761/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө, 13-берене (05.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-13

---

1. Банк өзү каржылай турган долбоорлорго карата долборду ишке ашыруучу субъекттер менен макулдашуунун негизинде төмөнкүлөрдү кошкондо, мониторинг жүргүзөт:

1) долбоорлорду ишке ашырууну катышуучу банктар тарабынан каржылоонун графиктерине;

2) долбоорлорду ишке ашырууга катышуучу банктардын жана юридикалык жактардын финансылык абалына;

3) долбоордун ортодогу жыйынтыктары боюнча каражаттарды чыгымдоонун натыйжалуулугуна;

4) тобокелдиктерди бөлүштүрүүгө.

2. Катышуучу банктар алар тейлеген долбоорлорго карата агенттик тейлөөгө болгон келишимдерге ылайык иштин көлөмүнүн иш жүзүндө аткарылышына, ишке ашырылуучу долбоорлор боюнча көрсөтүлгөн кызматтарга мониторинг жүргүзөт.

3. Банктын башкармасы жыл сайын долбоордук техникалык-экономикалык көрсөткүчтөргө жыйынтыктардын дал келишин баалоо менен долбоорлорду ишке ашырууга жана каржылоого талдоо жүргүзөт жана Банктын Директорлор кеңешине тиешелүү корутунду берет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-14)
