# 12-берене. Долбоорлорду каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203761)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 5 октября 2023 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Государственного банка развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112674)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203761#diff=1281429..1281430>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4692/edition/1281424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203761/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө, 12-берене (05.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-12

---

1. Банк Банктын Директорлор кеңеши белгилеген талаптарга жооп берүүчү долбоорлорду каржылайт.

2. Банктын долбоорлорду каржылоосу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:

1) Банктын ички актыларына жана макулдашууларына ылайык долбоорлорду ишке ашыруучу юридикалык жактардын иштерине катышуу;

2) Банктын Директорлор кеңеши бекиткен ички актыларга жана кредиттик келишимдерге ылайык долбоорлорду кредиттөө;

3) банктык кепилдиктерди берүү, тышкы зайымдарды жана Банктын ички актыларында каралган башка финансылык инструменттерди тартуу.

3. Банктын долбоорлорду каржылашы Банктын Директорлор кеңеши бекиткен ички актыларга ылайык аныкталган шарттарда, тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт. Берилүүчү кредит боюнча сыйакынын ставкасынын чоңдугу Банктын карызынын орточо наркын жана операциялык чыгымдарын эске алуу менен эсептелет.

4. Банк тарабынан берилүүчү кредиттер күрөө, кепилдик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуучу башка ыкмалар менен камсыз болушу керек.

(КР 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-13)
