# 11-берене. Банктын катышуучу банктар менен өз ара мамилелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203761)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4692/edition/1281424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203761/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө, 11-берене (05.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-11

---

1. Катышуучу банктарды кредиттик тейлөө Банктын башкармасы бекиткен Банктын ички актыларына ылайык келишимдин негизинде Банк тарабынан ишке ашырылат.

2. Тейлөөнүн жалпы шарты ачык маалымат болуп саналат. Тейлөөнүн шарттары өзгөргөн учурда, Банк бул жөнүндө катышуучу банктарга Банктын башкармасы бекиткен Банктын ички актыларында белгиленген тартипте кабарлайт.

3. Катышуучу банктарды тейлөөнү жүзөгө ашырган учурда Банк эл аралык практикада колдонулуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген эсептешүүнүн ар кандай тутумун пайдаланууга укуктуу.

4. Банк катышуучу банктар тарабынан каражаттардын максаттуу пайдаланылышын ушул Мыйзамга жана Банктын ички актыларына ылайык контролдойт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-12)
