11-берене. Банктын катышуучу банктар менен өз ара мамилелери
Күчүндө · 05.10.2023 редакциясы · 3-глава
1. Катышуучу банктарды кредиттик тейлөө Банктын башкармасы бекиткен Банктын ички актыларына ылайык келишимдин негизинде Банк тарабынан ишке ашырылат.
2. Тейлөөнүн жалпы шарты ачык маалымат болуп саналат. Тейлөөнүн шарттары өзгөргөн учурда, Банк бул жөнүндө катышуучу банктарга Банктын башкармасы бекиткен Банктын ички актыларында белгиленген тартипте кабарлайт.
3. Катышуучу банктарды тейлөөнү жүзөгө ашырган учурда Банк эл аралык практикада колдонулуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген эсептешүүнүн ар кандай тутумун пайдаланууга укуктуу.
4. Банк катышуучу банктар тарабынан каражаттардын максаттуу пайдаланылышын ушул Мыйзамга жана Банктын ички актыларына ылайык контролдойт.
Берененин тексти 05.10.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203761/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>