# 10-берене. Банк тарабынан башка булактардан финансылык ресурстарды тартуу жана пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203761)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4692/edition/1281424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203761/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө, 10-берене (05.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-10

---

1. Банк башка булактардан финансылык ресурстарды акы төлөө, мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук негизинде алууга укуктуу. Банк башка булактардан алуучу финансылык каражаттарды берүүнүн, пайдалануунун жана кайра берүүнүн тартиби жана шарты Банктын Директорлор кеңеши тарабынан, ошондой эле эки тараптуу келишим менен аныкталат.

2. Банк үчүн арналган мамлекеттик каражаттар тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык мамлекеттик бюджет аркылуу гана өткөрүлөт.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203761/st-11)
