# 9-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 9-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-9

---

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген учурларда, лицензияда аныкталган мөөнөттөргө жер бөлүндүсүн жана жер бөлүгүн убактылуу пайдалануу укугун беришет;

2) лицензиялык аянтка лицензиаттарды тоскоолдуксуз киргизүүнү камсыз кылат;

3) пайдалуу кендерди өз алдынча казып алууну токтотот;

4) жер казынасын геологиялык изилдөөдө же кендерди иштетүүдө пайдаланылган тоо-кен жана башка мүлктү жоюуну жана консервациялоону, ошондой эле жер бөлүктөрүн жана лицензиялык объекттерди рекультивациялоону контролдойт;

5) административдик-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан лицензиялык объекттерге конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү боюнча комиссиялардын ишине катышат;

6) жер казынасын пайдалануу долбоорлорунун коомдук экологиялык экспертизасын уюштурат;

7) жер казынасын пайдалануучулардын ишкердигине мыйзамсыз кийлигишүүсүн токтотуу максатында жергиликтүү калк арасында иш жүргүзөт;

8) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жекече чайкоочуларды каттайт жана жөнгө салат.

---

Мурунку берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-81)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-10)
