# 6-берене. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 6-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-6

---

Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизет;

2) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат;

3) жер казынасын пайдалануу жаатында салык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;

4) жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кендерди казып алуу үчүн инвестицияларды тартуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирге инвестициялык саясатты иштеп чыгат;

5) өзүнүн компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча талаштарды сотсуз чечүүнү жүргүзөт;

6) конкурстук жана аукциондук комиссияларга катышат;

7) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу максатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жер казынасын пайдалануу боюнча маалымат алат;

8) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-7)
