# 52-берене. Чыгымдарды кайтаруу

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 52-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-52

---

1. Жер казынасын пайдалануучуга же мамлекетке чыгымдарды кайтаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте жана учурларда жүргүзүлөт.

2. Юридикалык жана жеке жактардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттери, эгерде алардын аракетинин (аракетсиздигинин) негизинде жер казынасынын табигый касиеттери төмөндөсө жана жер казынасын пайдаланууну толук эмес же толук бойдон токтотууга шарт түзүлгөн болсо, булар жер казынасын пайдалануучунун чыгымдарын кайтарып алууга укуктун пайда болушуна негиз болуп саналат.

3. Жер казынасын пайдалануучулар тарабынан мамлекетке кайтаруучу чыгымдарынын өлчөмү жер казынасын пайдалануучунун күнөөсү боюнча экономикалык маанисин жоготкон запастардын санына жана баалуулугуна ылайык аныкталат.

4. Юридикалык, жеке жактардын жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын күнөөсү боюнча жер казынасын пайдалануу укугунун негизсиз токтотулушу же иштин токтотулушу болгон учурларда, жер казынасын пайдалануучуга аргасыз токтотуп туруудан тарткан экономикалык зыян соттук тартипте күнөөлүү жактардын эсебинен толук көлөмдө кайтарылып берилет.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-53)
