# 5-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 5-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) жер казынасынын Мамлекеттик фондун тескейт жана башкарат;

2) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жана мыйзамдарды ишке ашырууну жана өркүндөтүүнү камсыз кылат;

3) минералдык чийки заттын стратегиялык түрлөрүнө болгон мамлекеттик муктаждыктарды канааттандырууга арналган жер казынасынын бөлүктөрүн жана кен чыккан жерлерди аныктайт;

4) улуттук коопсуздукту, калктын коопсуздугун жана айлана чөйрөнү коргоону камсыз кылуу максатында жер казынасын пайдаланууга чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилейт;

5) стратегиялык мааниге ээ болгон жер казынасынын бөлүктөрүнүн, кен чыккан жерлердин тизмесин бекитет;

6) конкурска коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги объекттердин тизмесин бекитет;

7) пайдалуу кендердин запастары боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитет;

8) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө техникалык регламенттерди бекитет;

9) Кыргыз Республикасынын кендерин биринчи ачуучулар жөнүндө жобону бекитет;

10) жер казынасын пайдалануу укугун берүүгө конкурстарды өткөрүү боюнча Комиссиянын курамын жана ал жөнүндө жобону бекитет;

11) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

2. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-6)
