# 48-берене. Экспертизаларды жүргүзүүнүн, отчетторду кароонун жана тоо-кен иштеринин пландарын макулдашуунун тартиби

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 мая 2014 года № 77 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/205298)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760#diff=871981..871982>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 48-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-48

---

1. Жер астындагы сууларды алуу жана пайдалануу долбоорлорун кошпогондо, тийиштүү жумуштарды жүргүзүүнүн техникалык долбоорлору өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо талаптарына ылайыктуулугуна экспертизага жатат.

Жер астындагы сууларды алуу жана пайдалануу долбоорлору жер казынасын коргоо талаптарына ылайыктуулугуна экспертизага жатат.

2. Экспертиза жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар техникалык долбоор түшкөн күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдө бардык каралган экспертизаларды жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү:

а) жер казынасынын жалпы мамлекеттик маанидеги объекттери үчүн - 3 айдын ичинде;

б) жер казынасынын башка бардык обьекттери үчүн - бир айдын ичинде.

3. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган компаниялардын өткөн жылга отчетторун жана тоо-кен иштеринин кийинки жылга пландарын макулдашуусун, алар белгиленген мөөнөттө тапшырылган шартта, алар келип түшкөн күндөн тартып 2 айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого милдеттүү.

4. Эгерде жер казынасын пайдалануу боюнча саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчетту бергенден кийин 2 айлык мөөнөттүн ичинде компаниялардын өткөн жылга отчетторун жана тоо-кен иштеринин кийинки жылга планын карабаса, анда отчет бекитилди деп эсептелет, ал эми план макулдашылды деп эсептелет.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан экспертизаларды жүргүзүүнүн, отчетторду кароонун жана тоо-кен иштеринин пландарын макулдашуунун мөөнөттөрү сакталбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик келип чыгат.

(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-49)
