# 46-берене. Тоо кен мүлкүн жоюу же консервациялоо

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 46-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-46

---

1. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө же жер казынасын геологиялык изилдөөдө пайдаланылган тоо-кен мүлкүн андан ары пайдалануу экономикалык жактан максатка ылайыктуу болбогон учурда, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугу токтотулганда же токтогула турганда көрсөтүлгөн тоо-кен мүлкү атайын техникалык долбоорго ылайык жер казынасын пайдалануучунун эсебинен жоюлат же консервацияланат.

2. Консервациялоо маалында тоо-кен мүлкү ошол мүлктүн жана пайдалуу кен чыккан жерлердин сакталышы, ошондой эле консервация убагында калктын жана айлана чөйрөнүн коопсуздугу камсыз кылынган абалга келтирилиши керек.

3. Тоо-кен мүлкүн жоюуда же консервациялоодо маркшейдерлик, геологиялык жана техникалык документтер жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сактоого тапшырылат.

4. Кийинки лицензиат тарабынан пайдаланылбаган кен чыккан жерди иштетүүдө же жер казынасын геологиялык изилдөөдө колдонулган тоо-кен мүлкү жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жактын өз эсебинен жоюлат.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-47)
