# 42-берене. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын, айлана чөйрөнү мамлекеттик коргоо жана өнөр жайлык коопсуздукка мамлекеттик көзөмөл

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 42-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-42

---

1. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын, айлана чөйрөнү мамлекеттик коргоонун жана өнөр жайлык коопсуздукка мамлекеттик көзөмөлдүн милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан жер казынасы, өнөр жайлык коопсуздук жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын сакталышы;

2) жер казынасын пайдаланууда мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгын сактоо;

3) жер казынасын пайдалануунун зыяндуу кесепеттеринин алдын алуу, минимизациялоо жана жоюу;

2. Жер казынасынын Мамлекеттик фондусунун жана пайдалуу кен чыккан жерлердин Мамлекеттик резервинин чектеринде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугусуз өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарын түзүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-41)  
Кийинки берене: [42-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-42-1)
