# 42-1-берене. Жер астындагы сууларды пайдаланууну жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-42-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 42-1-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-42-1

---

1. Ушул беренеде каралган шарттар сакталганда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия албастан, гидрогеологиялык скважиналарды бургулоого жол берилет.

2. Өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо бөлүгүндө экспертизадан өткөн бургулоого долбоору жок 30 метрден терең гидрогеологиялык скважиналарды бургулоого тыюу салынат.

3. Техникалык жана мелиоративтик максаттар үчүн (ичүү максаттарын жана бальнеологиялык дарылоону кошпогондо) жер астындагы сууларды алуу жана пайдалануу жер астындагы суулардын запастарын Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендеринин мамлекеттик балансына коюу шарты жок жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Ишкердик ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган жеке жактардын өзүнүн муктаждыктары үчүн жер астындагы сууларды алуусун жана пайдалануусун кошпогондо, жер астындагы сууларды алуу жана пайдалануу милдеттүү түрдө лиценцияланууга жатат.

(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-42)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-43)
