# 41-берене. Башка жер казынасын пайдалануучуга убактылуу пайдаланууга берилген жер участогуна карата сервитут

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 41-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-41

---

Ыктыярдуу же жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген башка жер казынасын пайдалануучуга убактылуу пайдаланууга берилген жер участогуна карата сервитут төмөнкү учурларда пайда болот:

1) жер бөлүндүсүнүн аянтындагы авто жана темир жол магистралдарын, суу түтүктөрүн, мунайзат түтүктөрүн, электр линияларын жана башка региондук жана мамлекеттик маанидеги курулуштарды тейлөөдө жана оңдоодо;

2) эгерде тоо-кен бөлүндүсүндөгү авариялык кырдаалды жоюу үчүн кирүү чектеш жана (же) чектеш эмес жер участогу тараптан ылдамыраак болсо;

3) мамлекеттик программалар жана пландар боюнча геологиялык, геофизикалык, топографиялык, маркшейдерлик, археологиялык жана башка изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

2. Башка жер казынасын пайдалануучуга убактылуу пайдаланууга берилген жер участогуна карата сервитутка Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана Жер кодексинде белгиленген эрежелер колдонулат.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-42)
