39-берене. Жерди пайдалануу укугун алуунун негиздери
Күчүн жоготкон · 19.05.2017 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 мая 2018 года № 49.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 мая 2014 года № 77
1. Пайдалуу кен чыккан жерлердин Мамлекеттик резервинен жер бөлүндүсү жана жер бөлүндүсү жана жер участогун убактылуу пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуу мөөнөтүнө берилет.
2. Жер участогун убактылуу пайдалануу укугу, алар пайдалуу кен чыккан жерлердин Мамлекеттик резервине кирбегенде же жеке менчикте болбогондо, бирок жер казынасын пайдаланууга керек болгондо (жолдор, өнөр жай аянтчасы, ЭБЛ жана башка инфратүзүмдөр үчүн) жергиликтүү мамлекеттик администрация же өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуу мөөнөтүнө берилет.
3. Жеке менчиктеги же убактылуу пайдалануудагы жерлерге жер участогун убактылуу пайдалануу укугу жер участогунун менчик ээси же жер укугун пайдалануучу тарабынан лицензиат менен түзгөн келишими боюнча берилет.
4. Берилүүчү жер участогунун чектери жана өлчөмү экологиялык, өнөр жайлык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча оң экспертиза алынган кен иштетүү үчүн техникалык долбоор же жер астындагы сууларды алуунун технологиялык схемасы менен аныкталат.
5. Жер участогун убактылуу пайдалануу укугу төмөнкү учурда берилет:
1) айыл чарбалык пайдалануудан ажыратпай, жер казынасын геологиялык изилдөөдө жер бүтүндүгүн бузуу менен, бузулган участоктордогу жоготуулардын ордун толтуруп төлөө менен;
2) айыл чарбалык пайдалануудан жерлерди алуу менен, жер салыгын төлөө жана жоготууларды кайтарып берүү аркылуу пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө.
6. Жер казынасын геологиялык изилдөөдө жер участогун ажыратуу, укук күбөлөндүрүүчү документтерди жол-жоболоштуруу жүргүзүлбөйт, жер казынасын пайдалануучуга жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын же өз алдынча башкаруу органдарынын геологиялык иштерди жүргүзүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу берилет.
7. Жер участогун убактылуу пайдалануу укугун алуу үчүн лицензиат жергиликтүү мамлекеттик администрациясына же өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөрдү тапшырат:
1) тапшырыкты;
2) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын жана лицензиялык макулдашуунун көчүрмөлөрүн;
3) бөлүнүүчү жер участогу көрсөтүлгөн графикалык тиркемени.
8. Жер участогун пайдалануу укугу ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык арыз берилген күндөн баштап 30 күндөн кем эмес мөөнөттө каралышы керек.
9. Жер казынасын пайдалануучуга жер участогун убактылуу пайдаланууга берүүдөн баш тартылышы мүмкүн эмес. Келип түшкөн арыз белгиленген мөөнөттө каралбаган учурда мындай макулдук алынды деп эсептелинет.
10. Эгерде лицензиат суранган жер участогу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны мурда алган лицензиатка берилген болсо, жаңы лицензиат ушул Мыйзамдын 31-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык техникалык долбоорго ылайык жер участогун пайдалануу тартибин жер укугунун ээлери менен макулдашууга милдеттүү.
11. Жер казынасынын жана жердин бүтүндүгү бузулбай жер казынасын геологиялык изилдөө учурунда, лицензиаттын арызы боюнча жер укугунун ээси жер казынасын пайдалануу укугунун лицензиясынын жана лицензиянын тиркемесинин көчүрмөлөрүн тиркөө менен арыз берилген күндөн тартып 30 күндүн аралыгында лицензиялык аянтта иш жүргүзүүнү каттайт. Каттоо жүргүзүүдөн баш тартууга тыюу салынат.
12. Жер участогун убактылуу пайдалануу укугу ушул Мыйзамга ылайык жер казынасын пайдалануу укугу токтотулгандан кийин автоматтык түрдө токтотулат.
13. Жеке менчиктеги жана келечектүү лицензиялык аянтка кирген же пайдалуу кен чыккан жерлердин Мамлекеттик резервине кирген жер участогу мамлекеттик муктаждык үчүн соттун чечими менен баасын төлөп берүү же тең баалуу жер участогун берүү аркылуу алынышы же Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жер казынасын пайдалануучу тарабынан сатып алынышы мүмкүн.
14. Жер казынасын пайдалануу укугу үчүнчү жакка берилгенде ага жер участогун убактылуу пайдалануу укугу кошо өтөт.
15. Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 24 мая 2014 года № 77 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"Редакцияларды салыштыруу
24.05.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…негиздери
1. Пайдалуу кен чыккан жерлердин Мамлекеттик резервинен кошулду: жер бөлүндүсү жана жер бөлүндүсү жана жер участогун убактылуу пайдалануу укугу жер … пайдалануу укугуна лицензияны колдонуу мөөнөтүнө берилет.
2. Жер алынып салынды: бөлүндүсү жана жер участогун убактылуу пайдалануу укугу, алар пайдалуу кен чыккан … схемасы менен аныкталат.
5. Жер участогун убактылуу пайдалануу укугу алынып салынды: жана жер бөлүндүсү төмөнкү учурда берилет:
1) айыл чарбалык пайдалануудан ажыратпай, жер … укугун алуу үчүн лицензиат жергиликтүү мамлекеттик администрациясына алынып салынды: жана (же) кошулду: же өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөрдү тапшырат:
1) тапшырыкты;
2) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын жана лицензиялык алынып салынды: тиркеменин кошулду: макулдашуунун көчүрмөлөрүн;
3) бөлүнүүчү жер участогу көрсөтүлгөн графикалык … берилгенде ага жер участогун убактылуу пайдалануу укугу кошо өтөт.
кошулду: 15. Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203760/st-39" title="39-берене - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>