# 34-берене. Геологиялык чалгындоо иштерине жер казынасын пайдаланууга лицензия

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 34-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-34

---

1. Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиялык аянттын чегинде пайдалуу кендердин билдирилген түрлөрүнө геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензиатка өзгөчө укук берет.

2. Лицензиат лицензиялык аянтты кыскартууга укуктуу. Аянтты кыскартуу лицензиаттын арызы боюнча бузулган жерлерди рекультивациялоодон кийин кыскартылуучу аянтта жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жөнүндө маалыматты (отчетту) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алгандан кийин жүргүзүлөт.

3. Лицензиялык төлөмдөр лицензиялык аянттын гектары үчүн эсептик көрсөткүчкө эселенип белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

4. ЗМК апробацияланган корутундунун негизинде пайдалуу кендердин запастары Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин Мамлекеттик балансында катталгандан кийин, лицензиат геологиялык чалгындоо иштерине жер казынасын пайдаланууга лицензияны чалгындалган пайдалуу кендерди иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоонун өзгөчө укугуна ээ болот.

5. Мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлүүчү геологиялык чалгындоо иштеринен бонус жана лицензиялык төлөмдөр алынбайт.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-35)
