# 33-берене. Геологиялык издөө иштерине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 33-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-33

---

1. Геологиялык издөө иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиялык аянттын чегинде пайдалуу кендердин билдирилген түрлөрүнө геологиялык издөө иштерин жүргүзүүгө лицензиатка өзгөчө укук берет.

2. Геологиялык издөөнүн лицензиялык аянтынын максималдуу өлчөмү чектелбейт.

3. Лицензиат лицензиялык аянтты кыскартууга укуктуу. Аянтты кыскартуу лицензиаттын арызы боюнча бузулган жерлерди рекультивациялоодон кийин кыскартылуучу аянтта жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жөнүндө маалыматты (отчетту) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алгандан кийин жүргүзүлөт.

4. Лицензиялык төлөмдөр лицензиялык аянттын квадраттык километри үчүн эсептик көрсөткүчкө эселенип белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

5. Лицензиат ачылган жана Кадастрда катталган көрүнүштөргө жана кен чыккан жерлерге карата геологиялык издөө иштерине жер казынасын пайдалануу укугунун лицензиясынын геологиялык чалгындоо иштери үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоонун өзгөчө укугуна ээ.

6. Пайдалуу ачык кен чыккан жерлерге же көрүнүштөргө тапшырык берилгенде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лицензиатка тапшырык берилген датасын жана убактысын күбөлөндүргөн документти берет.

7. Мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлүүчү геологиялык издөө иштеринен бонус жана лицензиялык төлөмдөр алынбайт.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-34)
