# 30-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүнүн тартиби

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 мая 2014 года № 77 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/205298)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760#diff=871981..871982>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 30-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-30

---

1. Жер казынасын пайдалануу укугунун төмөнкүлөрдөн башка бардык түрлөрү лицензияланат:

1) концессиялык келишим боюнча жер казынасын пайдалануу укугу берилгенде;

2) продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуу боюнча жер казынасын пайдалануу укугу берилгенде;

3) мамлекеттик каттоодо.

2. Жер казынасын пайдалануучуга жер казынасын пайдалануу укугуна берилүүчү-лицензиянын саны чектелбейт.

3. Түздөн-түз сүйлөшүүлөр боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн арыз берүүчү мамлекеттик же расмий тилде лицензиялануучу объектти, жер казынасын пайдалануу укугунун түрүн жана пайдалуу кендердин тизмесин көрсөтүү менен жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берет.

4. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн арызда пайдалуу кендердин табылууга божомолдонгон бирөөсүн же алардын тобун көрсөтүүгө болот.

5. Көмүр суутек пайдалуу кендерине карата жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн арызда алардын тизмесин тактоосуз көмүр суутек пайдалуу кендерин көрсөтүүгө жол берилет.

6. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн арызга төмөнкүлөр тиркелет:

1) 2009-жылдын 1-апрелине чейин каттоодон, кайра каттоодон өткөн юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин каттоодон, кайра каттоодон өткөн юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин өздөрүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча түзүлгөн юридикалык жактын жана (же) жеке ишкердин мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) жеке жак үчүн - жашаган дареги көрсөтүлгөн паспортунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

4) лицензиялык объектти изилдөө же өздөштүрүү программасы;

5) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоо учурунда - арыз берүүчүнүн лицензиялык объектти өздөштүрүү программасын каржылоо мүмкүнчүлүгүн тастыктаган документтер;

6) геологиялык издөө же геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоо учурунда - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуунун алгачкы үч жылдык мөөнөтүнө лицензиялык төлөмдөрдү төлөө мүмкүнчүлүгүн тастыктаган документтер;

7) юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим же протокол же арыз берүүчүнүн кызыкчылыгын жактоого ишеним кат;

8) өз өлкөсүнүн мыйзамы боюнча - чеч өлкөлүк юридикалык жак үчүн белгиленген тартипте иштеп жаткан юридикалык жак болуп санала тургандыгын күбөлөндүрүүчү мамлекеттик реестрден кошумча легалдашкан же апостилдештирилген көчүрмөсү же башка документ;

9) табыштамачылар - Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн салыктар жана мамлекеттик бюджетке төлөмдөр боюнча карызы жоктугу тууралуу салык органынын маалымдамасы;

10) акыркы менчик ээси же табыштамачынын - юридикалык жактын акыркы ээлери жана бенефициары болуп саналган жеке жактарды ачык көрсөтүүчү маалыматтар жана документтер.

7. Жер астындагы сууларды алуу жана пайдалануу боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууга табыштамага төмөнкүлөр кошумча тиркелет:

1) көзөнөктү эксплуатациялоонун технологиялык схемасы;

2) жер алдындагы сууларды ичүү, куюу жана (же) бальнеологиялык дарылоо үчүн пайдалануу учурунда саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусу.

8. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүдөн баш тартуу төмөнкү учурларда болушу мүмкүн:

1) эгерде берилген табыштамага тиркелген документтер же аларда келтирилген маалыматтар жалган болсо;

2) эгерде табыштама берилген аянтка же анын бир бөлүгүнө ошол пайдалуу кендердик бирдей тобуна мурда лицензия берилген болсо же ал жер казынасын пайдалануунун башка укугундагы объект болуп саналса;

3) эгерде табыштамачы документтердин толук эмес тизмегин берсе же болбосо берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбесе;

4) эгерде пайдалуу кендерди казып алуу укугун берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин камсыз кылууга карама-каршы келсе;

5) жер казынасынын бөлүгү өзгөчө коргоодогу жаратылыш зонасынын аймагында турса.

9. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү же бербөө жөнүндө чечим лицензиялык орган тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууга арыз берилген күндөн тартып 60 күндүн аралыгында чыгарылат.

10. Арыз берүүчүнүн макулдугусуз табыштамада көрсөтүлгөн пайдалуу казындылардын тизмесин өзгөртүүгө же толуктоого лицензиар укуксуз.

11. Түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү үчүн негиз болуп жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын протоколу саналат.

12. Лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн тартып 30 күндүн аралыгында Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте бонусту жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны биринчи жылда колдонуу үчүн лицензиялык төлөмдү төлөөгө жана төлөө фактысын тастыктаган документтерди жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырууга милдеттүү.

13. Конкурстун же аукциондун жеңүүчүлөрү үчүн конкурска же аукционго катышууга берилген документтери жана конкурстук же аукциондук комиссиянын протоколу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү үчүн негиз болуп саналат.

14. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алгандан кийин лицензиат өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча эксперттик оң корутундусу бар техникалык долбоорду түзөт жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

14-1. Жалпы мамлекеттик маанидеги объекттер боюнча техникалык долбоорду берүү мөөнөтү конкурстун шарттарында каралат. Мында техникалык долбоорду берүү мөөнөтү бир жолу техникалык долбоорду берүүнүн баштапкы мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Жер казынасынын калган объекттери боюнча техникалык долбоорду берүү мөөнөтү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Мында техникалык долбоорду берүү мөөнөтү үч жолу техникалык долбоорду берүүнүн баштапкы мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

15. Бардык керектүү экспертиза алынган техникалык долбоорсуз иштөөгө тыюу салынат.

Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобого ылайык жүргүзүлөт. (КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-29)  
Кийинки берене: [30-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-30-1)
