# 25-берене. Аукционду өткөрүүнүн тартиби

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 мая 2014 года № 77 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/205298)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760#diff=871981..871982>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 25-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-25

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобонун негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аукциондорду уюштурат.

(Экинчи абзац КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Аукциондук комиссия жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун, жер казынасын пайдалануу укугунун объекти жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн турууга тийиш. 5 адамдан кем эмес комиссиянын курамы . жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Комиссиянын төрагасы жана катчысы болуп жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү дайындалышат. Комиссиянын катчысы комиссия чечим кабыл алууда добуш берүү укугуна ээ эмес, ал комиссиянын жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш жүргүзөт, комиссиянын жыйынында протоколду алып барат жана добуш берүүдө комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарын эсептейт.

2. Аукционду өткөрүү жөнүндө жарыя аукционду өткөрүү датасына чейин 45 күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын интернет-сайтында жайгаштырылат.

3. Аукциондор ачык болуп саналат.

4. Аукцион объектинин башталгыч баасы бонусту жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат пакетинин наркын камтыйт.

5. Жер казынасын пайдалануу укугун алууга эң көп акчалай сумманы сунуш кылган талапкер аукциондун жеңүүчүсү деп саналат.

6. Аукциондун жеңүүчүсүнө аукциондук комиссиянын протоколунун негизинде жер казынасын пайдалануу укугу берилет.

7. Эки жолу аукциондун жеңүүчүсү аныкталбай жана эки жолу катары менен аукцион болбой калды деп таанылганда жер казынасын пайдалануу укугу түз сүйлөшүүлөр жолу менен берилүүгө жатат.

Эгерде жер казынасынын объектине эки жолу аукцион болбой калган учурда, аукцион болбой калды деп таанылгандан кийин бир жылдын аралыгында түз сүйлөшүүлөр жолу менен жер казынасын пайдалануу укугун алууга табыштама берилбесе, анда ушул обьект аукцион боюнча бөлүнүүчу жер казынасынын обьекттеринин тизмегине киргизилүүгө жатат.

8. Аукциондун катышуучуларынын чыгымдары кайтарылууга жатпайт.

(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-26)
