# 22-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун колдонуу мөөнөтү

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 22-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-22

---

1. Жер казынасын пайдалануу укугунун колдонуу мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленет:

1) геологиялык издөө иштерине - кийин техникалык долбоорго ылайык узартуу менен 5 жылга чейин;

2) геологиялык чалгындоо иштерине - кийин техникалык долбоорго ылайык узартуу менен 10 жылга чейин;

3) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө - кийин пайдалуу кендердин запастары түгөнгөнчө узартуу менен 20 жылга чейин;

4) жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаганда - техникалык долбоордо каралган мөөнөткө, кийин такталган техникалык долбоордо каралган мөөнөткө узартуу менен.

2. Мамлекеттик каттоонун негизинде берилген жер казынасын пайдалануу укугун колдонуу мөөнөтү илимий-изилдөө иштеринин программасын аткаруу мөөнөтү менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [21-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-21-1)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-23)
