21-берене. Жер казынасын пайдалануучулар
Күчүн жоготкон · 19.05.2017 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 мая 2018 года № 49.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 мая 2014 года № 77
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык түзүлгөн юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жеке ишкерлер катары катталган жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жер казынасын пайдалануучулар боло алышат.
2. Жер казынасын пайдалануу укуктарын алууда жана жүзөгө ашырууда тиешелүүлүгүнө жараша жарандыгынын же катталган өлкөсүнүн белгилери боюнча жарандарды жана юридикалык жактарды басмырлоого жол берилбейт.
3. Чет өлкөлүк юридикалык жактар жер казынасын пайдалануу укуктарын берүү боюнча конкурстарга же аукциондорго же түздөн-түз сүйлөшүүлөргө катышууга табыштама берүүгө укуктуу.
4. Эгерде жер казынасын пайдалануу укугуна аукциондун же конкурстун жеңүүчүсү же болбосо түздөн-туз сүйлөшүү жүргүзүү чечилген жак деп чет өлкөлүк юридикалык жак таанылса, ал жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны жол-жоболоштуруу үчүн Кыргыз Республикасында 100 пайыз үлүштүк катышы бар туунду компанияны ачууга милдеттүү.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 24 мая 2014 года № 77 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"Редакцияларды салыштыруу
24.05.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…пайдалануучулар
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык түзүлгөн алынып салынды: жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын алынып салынды: мыйзамына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн кошулду: мыйзамдары боюнча жеке ишкерлер катары катталган жеке жактар, анын ичинде чет алынып салынды: элдик жеке жана юридикалык жактар, кошулду: өлкөлүк жарандар жер казынасын пайдалануучулар боло алышат.
2. Жер казынасын алынып салынды: пайдалануучуларды жарандыгы кошулду: пайдалануу укуктарын алууда жана жүзөгө ашырууда тиешелүүлүгүнө жараша жарандыгынын же катталган алынып салынды: өлкөсү кошулду: өлкөсүнүн белгилери боюнча алынып салынды: кемсинтүүгө кошулду: жарандарды жана юридикалык жактарды басмырлоого жол берилбейт.
кошулду: 3. Чет өлкөлүк юридикалык жактар жер казынасын пайдалануу укуктарын берүү боюнча конкурстарга же аукциондорго же түздөн-түз сүйлөшүүлөргө катышууга табыштама берүүгө укуктуу.
4. Эгерде жер казынасын пайдалануу укугуна аукциондун же конкурстун жеңүүчүсү же болбосо түздөн-туз сүйлөшүү жүргүзүү чечилген жак деп чет өлкөлүк юридикалык жак таанылса, ал жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны жол-жоболоштуруу үчүн Кыргыз Республикасында 100 пайыз үлүштүк катышы бар туунду компанияны ачууга милдеттүү.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Мунай жана газ жөнүндөЗакон · 08.06.1998 · № 77 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203760/st-21" title="21-берене - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>